Депутаттар тобунун айтымында, документ келээрки аптада парламентке сунуш кылынат. Президент Паксас өзү бүгүн Литванын Конституциялык соту алдында Суданга курал-жарак саткан орусиялык мафиянын өкүлдөрү менен болгон байланышы тууралуу көрсөтмө бермекчи. Өлкөнүн премьер-министри Алгирдас Бразаускас президентти импичментти күтүп отурбай, отставкага кетүүгө үндөдү. Литванын президенти айыптоолорду четке кагып, импичмент аракетин өзүнө каршы моралдык жана саясий кысым катары баалап жатат.