Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Жайыл районундагы оорулуу аялдар интернатына жардам көрсөтүлдү


ЧҮЙ. Жайыл районунда жайгашкан психикалык жактан оорулуу аялдардын интернаты бул күндөрү Кыргызстандын эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен облустун, райондун ишкерлери тарабынан уюштурулган атайын жардамга ээ болушту. Интернаттын мүдүрү Пакимирон Александровдун билдиришинче, психикалык жактан оорулуу аядардын бул интернатында учурда 180 аял дарыланып жатат жана бул аялдардын дээрлик көпчүлүгү өмүрүнүн аягына чейин интернатта жашашат. Бул күндөрү интернатка барган топ, интернаттагы кыздарга атайын жардам катары 30 миң сом өлчөмдө акчалай жардам беришти. Мындан сырткары аталган райондогу ишкерлердин да өздөрү менен ала келген жардамдарын беришип, психикалык жактан оорулуу кыздарга дары-дармек жагынан жардамдашууга убада беришти.


Алатоо кабарларын Бишкекте Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев, облустагы кабарчылар даярдашты.

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев.

XS
SM
MD
LG