Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Киши сатыкка каршы күрөшүүгө арналган жыйын


БИШКЕК. Киши сатыкка каршы күрөшүү маселелерин талкуулаган жыйын катышуучулары Борбор Азияда киши сатыкка каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүлүшү керектиги, ага тиешеси бар өлкөлөрдүн өз ара көмөктөшүү зарылдыгын айтышты. Кыргызстандын ички иштер министрлигине киши сатыкка каршы күрөшүү боюнча атайын бөлүм ачуу сунушталды. Маселен, Украинада мындай бөлүм мурда эле түзүлгөн жана анда 200гө жакын адам иштейт. Эл аралык конференция Миграция боюнча эл аралык уюмдун «Киши сатыкка кабылгандарга жардам көрсөтүү» долбоорунун алкагында өттү. Конференцияга Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Украина жана Россиянын ички иштер министрликтеринин, улуттук коопсуздук, чекара кызматтарынын, миграциялык жана консулдук кызматтарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер катышты.

XS
SM
MD
LG