Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

2004-жылкы республикалык бюджет долбоору талкууланууда


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары бүгүнкү отурумунда 2004-жылдагы республикалык бюджет долбоорун талкуулоону башташты. Бюджет долбоору бюнча депутаттарга Каржы министри Болот Абилдаев маалымат берди. Анын айтымына караганда, келерки жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 14 миллиард 216 миллион сом, ал эми чыгаша бөлүгү 14 миллиард 952 миллион сом болмокчу. Келерки жылы инфляциянын өлчөмү 3,8% , ал эми 1 доллардын наркы 44 сом болоору белгиленүүдө. Каржы министринин кабарлашынча, келерки жылы өлкөнүн тышкы карызына 43 миллион 700 миң доллар төлөө пландаштырылууда. Талкуу жума күнү улантылат.

XS
SM
MD
LG