Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Брюсселде НАТО жыйыны өтөт


БИШКЕК. Эртең Брюсселде Түндүк Атлантика альянсынын Евроатлантика өнөктөштүк кеңешинин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Кыргызстандан бул жыйынга тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Талант Кушчубеков катышат. Брюсселдеги кеңешмеде бир катар эларалык проблемалар, алардын ичинде терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, баңгизат соодасына каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо проблемалары талкууланат. 8-декабрда Брюсселде 2004-2005-жылдардагы Кыргызстан менен НАТО ортосундагы өнөктөштүк планы талкууланат. Бул жөнүндө 4-декабрда тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG