Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Шайлоо кодекс долбоору талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Шайлоо кодексине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоону баштады. Палатанын кароосуна президент жана депутаттык топ тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору сунушталды. Аталган мыйзам долбоор үстүбүздөгү жылдын июлунан декабрь айына чейин талкууланган. Буга чейинки талкууда депутаттар жогорудагы эки долбоордон бир долбоор иштеп чыгуу чечимине келишкен. Аталган мыйзам долбоорунда 98 берене бар жана анын 90 беренесине өзгөртүү киргизилүүдө. Депутаттар 59 берене боюнча бирдиктүү бир пикирге келишип, төрт берене боюнча кызуу талаш-тартыш уланууда. Мыйзам долбоорун талкуулоо эртең улантылат.

XS
SM
MD
LG