БИШКЕК. Орусия Мамлекеттик думасына 7-декабрда өтүүчү шайлоого Кыргызстандан өкүлдөр байкоочу катары катышышат. Бул максатта бүгүн Борбор шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Болот Малабаев жана Көкөмбай Турусбеков Орусияга жөнөп кетишти. Борбор шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нина Мухинанын кабарлашынча, Кыргызстандык өкүлдөр Орусияда 9-декабрга чейин болушат. Алар шайлоонун кандай өткөндүгүнө жана добуш саноо иш-чараларына катышат. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Орусиядагы шайлоого байкоочу катары палатанын депутаты Хажимурат Коркмазов катышат.