Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Курманжан датка эстелиги айланасындагы талаш


БИШКЕК. Кыргыз элинде «Алай канышасы» деген ат менен белгилүү болгон мамлекеттик ишмер Курманжан датканын эстелигин Бишкектин кайсы жерине коюу маселеси чыр-чатакты пайда кылышы мүмкүн. Бул маселени белгилүү адамдар саясий оюнга айландырышууда. Мындай пикир бүгүн Жогорку Кеңеште өткөн пресс-конференцияда айтылды. Маалымат жыйынын парламент депутаттары Токтокан Боромбаева, Жанкороз Каниметов, Марат Султанов, Адахам Мадумаров жана «Курманжан датка» фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева өткөрүштү. 3-декабрда Курманжан датканын эстелигине байланыштуу маселе палатанын Билим, маданият жана илим комитетинин жыйынында каралып, анда комитет Курманжан датканын эстелиги Бишкектин Эркиндик гүлбагындагы мурда «Эркиндик» эстелиги турган жерге орнотулсун, деген чечим кабыл алган. Комитеттин чечими президенттин администрациясына, өкмөткө, шаар бийлигине жөнөтүлгөн. Жылдыз Жолдошева маалымдагандай, эгерде өкмөт тарабынан бул маселе оң чечилбесе, ал парламенттин кош палатасында каралышы керек.

XS
SM
MD
LG