БИШКЕК. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттык тобунун демилгеси менен Кыргызстандын Конституциясына саясий партиялардын парламенттик шайлоого партиялык тизме менен катыштыруу тууралуу өзгөртүү киргизүү жөнүндө кош палата депутаттарынын колун топтоо башталды. «Мындай сунушка Мыйзам чыгаруу жыйынын 36, Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттары кол коюшту» деп маалымдады Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында: «Конституциянын 96-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар. 1991-жылы кабыл алынган референдум өткөрүү тууралуу мыйзамда «референдумда кабыл алынган эреже рефрендум аркылуу гана өзгөртүлөт» деп жазылган. Бирок 1991-жылы аталган мыйзам долбоору конституциялык көпчүлүк менен кабыл алынбагандыктан, ал мыйзам жакында Жогорку Кеңеште каралып, өзгөртүү киргизилет. Анын негизинде Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө укук берилет».