Орусиялык ИТАР-ТАСС агенттиги кабарлагандай, ушундай жыйынтыкка Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун адистери атайын изилдөөдөн кийин келишти. Жыл аяктаганга чейин дагы 26 күн калгандыктан, азырынча алдын-ала эсептөөлөр боюнча, быйыл жер жүзүндө абанын орточо температурасы 14 жарым градусту түзгөнүн болжолдосо болот. 1998- жана 2000-жылдары күндүн ысыктыгы андан жогорураак болгон. Адистер жер жүзүндө климат улам жылып баратканы соңку 25 жылда айрыкча байкалганын кооптондурчу көрүнүш катары баалашат.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы