Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Буш Ирактагы аскерлер алдында “желим үндүк” көтөрүп турган


Вашингтондун өкүлдөрү жакында АКШ президенти Иракка чукул барып кеткенде, ал аскерлер алдында табакта кармап турган үндүктүн эти жасалма декорация болгонун ырасташты. "Бирок, ал Буштун колуна элди алдаш үчүн атайлап карматылган эмес, ал жөн гана кокустук болгон", - деп маалымдашты АКШнын расмий өкүлдөрү. Алардын айтымында, эч ким Ирактагы америкалык аскерлердин жайында жасалма үндүк салынган табак туруп калаарын жана аны кийин президент Буш көтөрүп алаарын көңүлгө алган эмес экен. Бирок, Буштун жасалма үндүк салынган жалпак табакты аскерлерге сунуп турганда түшкөн сүрөтү дүйнө жүзүн кыдыра жарыяланып, аны кийин айрым маалымат каражаттары байкап калып, жазып чыкканы тамашалуу окуялардын катарына кирип калды.

XS
SM
MD
LG