Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд бүгүн Өзбекстан жана Грузияда болот


Ал адегенде Ташкенде болуп, Өзбекстандын жетекчилери менен жолугушаары күтүлүүдө. Кечээ Рамсфелд Ооганстанга барып, Кабулда ооган президенти Хамид Карзай жана Мазари-Шарифте эки белгилүү аскерий жетекчи – Абдул Рашид Достум жана Мохаммед Атта менен кездешип маектешкен. Пентагондун башчысы өз ара атаандаш эки ооган генералын кол алдындагы күчтөрүн улуттук армияга кошууга үндөп, алардын оор курал-жарактарын өткөрүп бергенин кубаттаган. Кабарларга караганда, генерал Атта өкмөткө 50 танкын өткөрүп берсе, Достум болгону үчөөнү тапшырды. Азырынча расмий түрдө тактала элек кабарларга караганда, АКШнын коргоо министри Өзбекстандан кийин Грузияда токтоп, убактылуу президент Нино Буржанадзе менен жолугушуу өткөрөт.

XS
SM
MD
LG