Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

АКШ президенти Израил менен Палестинанын атуулдары өз алдынча тынчтык келишимин табууга жол издеп жатканын колдойт


"Бул аракеттер биз буга чейин Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын зарыл шарттары катары көрсөтүп келген террорго каршы күрөш, коопсуздукту камсыздоо жана демократиялуу, эркин Палестина мамлекетин орнотуу багытынан жазбаса, өз жемишин берет деп ойлойм", - деди Жорж Буш. Жөөт-палестин жарандары түзгөн жаңы план боюнча, Израил 1967-жылы басып алган палестин аймактарынын көбүн бошотуп, Иерусалимде Израил менен Палестинанын биргелешкен бийлигин орнотуу каралган. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Израил өкмөтүнүн каршылыгына карабай, бүгүн Вашингтондо аталган пландын авторлору менен жолукканы жатат. Каирде палестин кыймылдарынын өкүлдөрү Израил менен касташууну токтотуунун жолдорун талкуулаш үчүн 3 күндүк жыйынга чогулушту.

XS
SM
MD
LG