Ал салык америкалык болот өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максатында өткөн жылдын март айында киргизилген болчу. Аны алып салуу жөнүндөгү президент Жорж Буштун атынын жазылган билдирүүнү Вашингтондун басма сөз өкүлү Скотт МакКлеллан жарыялады. "Мындай кадамым менен мен болоттун импортун көбөйтүп, ага көз каранды ишканалар менен жумушчуларга жаңы мүмкүндүктөр ачкым келет. Болотту импорттоого киргизилген салык өз милдетин аткарды, экономикалык кырдаал өзгөрдү, ошондуктан аны жоюу мезгили бышып жетилди", - деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө.