Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:15

Пакистанга Улуттар Уюмунун атайын делегациясы келди

ИСЛАМАБАД. Пакистанга Улуттар Уюмунун делегациясы келди. Делегация Пакистандын ички иштер министри Файзал Салех Хаят менен жолугушуп, Осама Бин Ладендин ал-Кайыда террордук тобу менен байланышы бар компанияларды аныктап, жазалоо маселесин талкуулайт. Улуттар Уюмунун делегация башчысынын айтымында октябрдын башынан бери ал-Кайыда менен байланашы бар делинген компаниялардын 120 миллион доллар акчасынын кыймылы толук токтотулуп, шектүү кишилерге каршы санкциялар киргизилди. Талибан режими бийликтен кулатылган 2001-жылдан бери талибдердин калдыктары менен Ооганстанда жайгашкан ал-кайыдачылар кошуна Пакистанда баш катышкан.
​
XS
SM
MD
LG