Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Өзбек жетекчилиги укук коргоочулардын эл аралык конференциясын өткөрүүгө бөгөт болду


ТАШКЕНТ. Өзбекстандын бийликтери укук коргоочулардын эл аралык конференциясын өткөрүүгө тоскоол болду. Конференцияны "Энелер өлүм жазасы менен кыйноолорго каршы" деген укук коргоо уюму, ОБСЕ, Фриидом Хаус жана Британиянын Өзбекстандагы элчилиги уюштурган болчу. "Энелер өлүм жазасына каршы" укук коргоо уюмунун айтымында, "Радисон САС" мейманканасы конференцияга өзүнүн кеңселерин бербей тургандыгын жыйын болоорго бир күн калганда билдирип, өзбек бийликтеринин кысмагы менен бул чечимге келгендигин маалымдаган. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Өзбекстанда жыл сайын 200дөй киши өлүм жазасына тартылат.

XS
SM
MD
LG