ЖЕНЕВА. Россиялык укук коргоочу Лидия Юсупова Чеченстандагы укук коргоочулук иши үчүн сыйлыкка татыктуу болду. Мартин Энналдс Кору "Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы бөлүмүнүн өкүлү Лидия Юсуповага кордун ар жылкы сыйлыгы апрель айында тапшырыларын билдирет. Кордун калыстар тобунун төрагасы Ханс Тоолен бир добуштан Юсупова тандалганын баяндап, укук коргоочуну "Европанын эң эр жүрөк айымы" деп сыпаттады.