Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Россиядагы терактта 40 киши курман болуп, 170 киши жараат алды


МОСКВА. Поездде жасалган террордук кол салуудан 40 киши курман болуп, 170 киши жараат алды, алардын 22синин абалы өтө оор. Россиянын федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Николай Патрушев буларды билдирди:
"Жардырууну үч аял жана бир эркек ишке ашырганын анык айта албыз. Аялдардын экөө жарылуу болоордун жуп алдында поездден секирип түшкөн. Жардыруу үчүн жоопкер үчүнчү аял оор жарат алган, анын мал болуп кетиши күмөн. Жардырууга катышкан бир эркек кишинин да сөөгү табылды, бирок анын ким экенин биле элекбиз. Анын быт-чыты чыккан денесинде гранаттар байлануу экен".
Поезд Кисловодск - Минеральные Воды каттамы боюнча бараткан эле. Алаамат болгон жерде азыр тез жардам кызматтары менен куткаруучулар иштеп жатышат.

XS
SM
MD
LG