Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Ыссыккөлдө туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы концепция талкууланат


БИШКЕК. Эртең Ысыккөлдө Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүү маселелерине арналган жыйын башталат. Ага өкмөттүн жана жеке компаниялардын өкүлдөрү катышат. Жыйында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча концепциянын жаңы варианты талкууланат. Концепцияда республикада туризм тармагын өнүктүрүү үчүн туроператорлорду колдоо боюнча тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды кабыл алуу, туризмди экономиканын артыкчылык берилген тармагы катары карап, аны кредиттөө, тармакка инвестиция тартуу боюнча маселелер каралган. Бул жөнүндө Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурманбет Токтоматов маалымдады.

XS
SM
MD
LG