Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Балдарды оор жумушка салууга каршы күрөш маселелери талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте балдарды оор жумушка салуу маселелерин талкуулаган «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Ага эл аралык уюмдардын, өкмөттүн, бейөкмөт жана дин уюмдарынын өкүлдөрү катышты. «Тегерек үстөлдү» Балдардын укугун коргоочу эл аралык уюмдардын колдоосу менен Кыргызстандын профсоюздар федерациясы уюштурду. Жыйындын катышуучулары Кыргызстан балдарды оор жумушка пайдаланууга тыюу салуу боюнча Конвенцияга кол койгонуна карабай, 23 миңдей бала мектепти таштап, иштеп жатышканын белгилешти. Балдардын укук-милдеттерин так аныктаган Балдар Кодекси учурда Юстиция министрлиги тарабынан иштелүүдө. Жыйында маалым болгондой, өлкөдө азыр балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргогон 16 мыйзам бар.

XS
SM
MD
LG