Европа Биримдигинин орток акча бирдиги – евро АКШ долларына карата наркы дагы көтөрүлүп, жума күнү бир евро 1 доллар 22 центке бааланды. Ошентип, жыл башынан бери евронун курсу долларга карата 15% көтөрүлдү. Эксперттер АКШ долларынын арзандашын Американын бюджет тартыштыгы, сооданын көлөмү көбөйүп баратканы, террорчулуктун коркунучу жана АКШнын Ирактагы оккупациясы менен түшүндүрүүдө. Ошол эле учурда Америка өкмөтү доллардын курсунун төмөндөшү экспортту өнүктүрүүгө жардам берип, андан улам жалпы экономикалык өсүшкө өбөлгө болуп жатканын айтат.
Таңкы жаңылыктарды даярдаган Венера Сагындык кызы
Таңкы жаңылыктарды даярдаган Венера Сагындык кызы