Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Иранда полиция менен элдин кагылышуусунан 4 киши мерт болду


Окуя Ирандын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Сараван шаарында бейшембиде болгон. Ирандын парламентинин мүчөсү Жафар Камбозия билдиргендей, кагылышуу жергиликтүү полициячылар катардагы айдоочуну атып өлтүргөндөн кийин башталган. Полициянын машинесин токтотуу жөнүндөгү буйрукка баш ийбеген айдоочуга эскертүү максатында атылган ок тийип, ал ошол жерде жан бергенден кийин окуяга каарданган эл тартип сакчылары менен кармаша кеткен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калкты тынчтанууга чакырганда да кагылышуу токтобой күчөп баратканда, полиция ок ачып, 4 кишини жантаслим кылган.

XS
SM
MD
LG