Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча бейрасмий пландын авторлору Колин Пауэлл менен жолугушууга канааттанганын билдиришти


Израилдин катуу каршылыгына карабастан, АКШнын Мамлекеттик департаментинде жабык эшик артында өткөн жолугушууга Израилдин мурдагы юстиция министри Йосси Бейлин, Палестинанын мурдагы маалымат министри Ясир Абед Раббо жана Вашингтондун өкүлдөрү катышышты. «Жакынкы Чыгыш боюнча Женева демилгеси» деп аталган ал планда Палестина мамлекетин түзүү, палестин аймактарындагы жөөт малаларын азайтуу, Иерусалимде кош бийлик орнотуу жана башка маселелер каралган. Ал учурда Каирде палестин кыймылдарынын кан төгүүнү токтотуу туурасында премьер-министр Ахмед Курейинин кысымы алдында уюшулган жыйыны уланууда.

XS
SM
MD
LG