Кечээ күнү Ташкенде өткөрүлүүгө белгиленген конференциянын болбой калышы үчүн Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хьюман Райтс Вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм бүгүн өзбек жетекчилигин сынга алды. Конференцияны "Энелер өлүм жазасына жана кыйноолорго каршы" деп аталган уюм даярдаган жана анда өлүм жазасы менен байланыштуу маселелер талкууланмак. Бирок жыйын өтүүгө белгиленген мейманкананын жетекчилиги чогулгандарды имаратка киргизбей койгон. Өлкөнүн Укук министрлигинин айтымында, андай жыйындарды каттоодон өткөн гана уюмдар уюштурууга тийиш.