Израил аскерлери кечээ кечинде Газа тилкесинде үч арабды атып өлтүрдү, алардын бири өспүрүм болуп чыкты. Израил аскерий жетекчилигинин айтымында, солдаттар жөөт түзүлүштөрүнө бомба коюуга бараткан эки адамга каршы ок атып, аларды өлтүргөн. Алар жардыруу уюштурууга даярданып баратканын "Хамас" уюму дагы ырастады. Башка бир учурда жөөт аскерлери аларга каршы таш ыргыткан адамдарга каршы ок атканда бир өспүрүм бала өлгөн.