Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ысыккөлдө туристтик тармакты өнүктүрүү маселелерине арналган жыйын аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдө Кыргызстандын туристтик тармагын өнүктүрүү жолдорун талкуулаган эки күндүк конференция өз ишин аяктады. Конференциянын катышуучулары республикада 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү Концепциясынын жаңы редакциясын талкуулашты. Жыйынга республиканын ички иштер, юстиция, тышкы иштер министрликтеринин, коопсуздук, салык, бажы, чекара кызматтарынын, туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин, туризм тармагындагы жеке менчик компаниялар менен фирмалардын өкүлдөрү катышты. Концепцияда туризмди өнүктүрүүнүн жолдору, туризм тармагын мамлекеттик колдоо, кредиттөө, тармакка инвестицияларды тартууну жакшыртуу маселелери каралган. Концепциянын жаңы долбоору туризм боюнча комитеттин, туристтик жеке менчик компаниялардын жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен иштелип чыккан. Соңку мезгилде өкмөттүн алдындагы туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитет менен туристтик жеке менчик компаниялардын ортосунда туризм саясатында айрым пикир келишпестиктер орун алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG