Ирандын байтакты Тегеранда миңден көп студент катышкан демонстрация өттү. Маалымат булактарынын билдиришинче, студенттер өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдү тездетүүгө чакырып, Ирандын диний көсөмү Аятолла Али Хаменейиге каршы ураандарды кыйкырышты.
Алар, ошондой эле, реформачыл президент Мохаммед Хатаминин бийликтен кетүүсүн талап кылышып, адамдарды февраль айында болчу парламенттик шайлоого катышпоого чакырышты.
Алар, ошондой эле, реформачыл президент Мохаммед Хатаминин бийликтен кетүүсүн талап кылышып, адамдарды февраль айында болчу парламенттик шайлоого катышпоого чакырышты.