Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Палестин фракциялары биригүүгө кадам таштады


Палестиналыктар Израил менен ок атышпоо жөнүндө келишим түзүүнү каалайт. Бирок, оболу Израил тарап “Палестин элине жана палестин жерине каршы бардык жортуулдарын” токтотушу зарыл.
Бул тууралуу Палестинанын премьер-министри Ахмед Корейи бүгүн Каирде Мисирдин президенти Хосни Мубарак менен болгон сүйлөшүүдөн кийин жарыя кылды.
А. Корейинин айтымында:

- Элдешүү - бир барак кагаз эмес. Элдешүү сүйлөшүүдө жетишилчү же ишке ашпай калчу иш. Биз Израил менен элдешүүгө жетишүүнү каалайбыз. Бул - жандуу жараян...


Палестиналык партиялар Каирде аяктаган үч күндүк кездешүүсүндө палестин жанкечтилеринин Израилдеги чабуулун токтотуунун шартын макулдашты.
Эркин Палестина демократиялык майданынын мүчөсү Мотасем Хамадинин сөзүнө караганда, палестин фракциялары Израил обол мамлекет жарыяланганда ага кирген жерлердеги чабуулдарды токтотолу жана Арафат башындагы палестин жетекчилигин түзөлү деп макулдашкан. Жетекчиликке бардык палестин фракциялары, анын ичинде ислам партиялары да кирет.

XS
SM
MD
LG