Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Россияда парламенттин төмөнкү палатасына - Мамлекеттик думага шайлоо өттү деп саналат


Россиялыктар бүгүн парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик думанын депутаттарын шайлашты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, бардык шайлоо чөлкөмдөрүнө шайлоочулар талап кылынган 25 пайыздан алда канча көп келип добуш беришкен. Алдын-ала жарыяланган алгачкы маалыматтарга караганда, “Бирдиктүү Россия” партиясы башка партиялар менен блоктордон озуп келүүдө.

Түндүк Кавказ темир жолунда жума күнү болгон террордук жардыруудан улам, өлкө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Ырасмий бийликтер 42 адамдын өмүрүн жалмаган жардыруу үчүн жоопкерчиликти чечен эрегишчилерине жүктөгөн.
Орус президенти Путин зайыбы менен чогуу Москвада добуш беришти. Путин кабарчылардын кимге добуш бердиңиз деген суроосуна түз жооп берген жок:

- Сөзүм үгүттөө катары баалынышы мүмкүн. Ошон үчүн суроого жооп айтпайын. Анткен менен, менин кимге артыкчылык бергеним белгилүү.

В.Путин бир нече күн илгери “Бирдиктүү Россия” партиясынын курултайына катышып, аны жактарын билдирген.

Мамдумадагы 450 орундун жарымын, мыйзамга ылайык, шайлоодо жеңип чыккан партиялар ээлешет.
Парламенттик мандатка ээ болуу үчүн саясый партиялар шайлоочулардын 5 пайызынын колдоосун алышы шарт.

XS
SM
MD
LG