Бул тууралуу Багдаддагы басма сөз жыйынында америкалык аскерлердин командачысы, генерал Рикардо Санчес билдирди. Анын айтымында, козголоңчулар бул саясий жараяндын өзүн үзгүлтүккө учуратууга аракеттенишмекчи. Америкалык аскерлер алдыда козголоңчуларга карата катаал чара көрүүнү уланта берет. Генерал Рикардо Санчес ирактыктарды Саддам Хусейнди табууга жардам берүүгө чакырып, экс-диктаторду издөө коалициялык аскерлердин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Кечээги кол салуулардан Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында америкалык бир аскер мерт болуп, экөөсү жаракат алды.