Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

Орусиядагы парламенттик шайлоодо өкмөтчүл партия алдыга чыкты, ал эми либералдар думага кирбей калышы мүмкүн


Баштапкы расмий маалыматтарга караганда, "Единая Россия" партиясы 36% добуш менен алдыда келе жатат. Экинчи орунга 12,9 % добуш менен Коммунисттик партия, үчүнчү орунга 12,8% добуш менен Владимир Жириновскийдин Либералдык демократиялык партиясы, төртүнчү орунду 8,3% добуш менен улутчулдар жана коммунисттерден турган "Родина " партиясы ээлөөдө. Либералдык партиялар катары эсептелген "Яблоко"4%дан ашыгыраак, Оңчул күчтөрдүн союзу 4%дан аз добуш топтогондуктан Мамлекеттик думага кирбей калышы мүмкүн. Мыйзамга ылайык, 5%дан кем эмес добуш алган партиялар гана Мамлекеттик думага кирет. Ал эми Мамлекеттик думадагы орундар үчүн 23 партия менен шайлоо блогу ат салышкан эле.
Оңчул күчтөрдүн лидери Борис Немцов шайлоонун алгачкы жыйынтыгын бюрократия менен улутчулдардын жеңиши катары баалады. Орусия коммунисттеринин лидери Геннадий Зюганов болсо азыркы шайлоону "жийиркене турган фарс "деп атады. БШКнын төрагасы Александр Вешняков добуш берүү учурунда бурмалоолор орун алды деген ырастоолорду төгүндөдү.

XS
SM
MD
LG