ТАЛАС. «Робин» фирмасынын алдында түзүлгөн Талас өндүрүштүк айыл-чарба кооперативинин башкы директору Чолпон Абдуллаеванын билдирүүсү боюнча, фирманын жабылышына өкмөттүн 2-декабрдагы буйругу түрткү болду. Ал буйрукка ылайык мамлекеттик резервге 10 миң тонна төө буурчак сортуна жараша ар килосу 10 сомдон 17 сомго чейин кабыл алына баштады. «Робин» фирмасы болсо буга чейин төө буурчактын килосун 7 сомдон 10 сомго чейин гана сатып алчу. Буга чейин Карабуура районундагы 600дөн ашык адам 3-декабрда жыйын курушкан. Анда «Робин» фирмасы чет элдик башка фирмалардын ишкердигине жолтоо болуп жатканы белгиленип, фирманын жабылышын талап кылган токтом кабыл алынган.
Таластык дыйкандардын төө буурчагын сатып алып жүргөн түркиялык «Робин» фирмасы Таласта ишин токтотту