Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Хельсинки федерациясынын президенти Кыргызстанга келе тургандыгы тууралуу маалымат пайда болду


БИШКЕК. «Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин Рамазан Дырылдаев жетектеп турганда кетирилген финансылык мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды Голландиянын Башкы прокуратурасына тапшырдым», - деп билдирди өзүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин башчысы катары эсептеген Болот Тыналиев. Анын айтымында, ал өзү Голландияда Адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясынын президенти Людмила Алексеева менен жолугушкан. Людмила Алексеева Кыргызстанга 7-январда келип, комитеттин иши менен таанышаарын билдирген. Андан тышкары, Болот Тыналиев комитеттин мүлкүн Рамазан Дырылдаевден алыш үчүн жергиликтүү сотко кайрылаарын жана Голландиянын «ХИВОС» уюму Дырылдаевге гранттык жардам берүүсүн токтоткондугун да кабарлады. Адам укуктары боюнча кыргыз комитети Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан кайра 27-ноябрда өткөн.

XS
SM
MD
LG