Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Кыргызстан менен МАГАТЭнин ортосундагы макулдашуу жактырылды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен Кыргызстандын ортосунда 1998-жылы, Вена шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялады. Ал макулдашууга ылайык Кыргызстандагы Карабалта тоо-кен комбинатында уранды иштетүүгө жана ал ишкананы жакшыртууга эл аралык инвесторлорду тартууга жол ачылат. Депутат Владимир Толоконцевдин маалыматына караганда, эки жылдан бери иштебей турган Карабалта тоо-кен комбинаты бул макулдашуунун негизинде уранды ташып келип иштетүүгө жана аны башка өлкөлөргө сатууга мүмкүнчүлүк алат. Жаңы жылдын ортосуна чейин Казакстан Карабалта тоо-кен комбинатына 1700 тонна иштетилбеген уран жиберет жана аны иштетүүдөн салык алынбайт.

XS
SM
MD
LG