Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Энергетика кризисин жоюуга аракеттер көрүлүүдө


БИШКЕК. Кыргыз президентинин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы толукталып, ишке киришти. Бул тууралуу бүгүн атайын өкүл Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын маалыматына караганда, эми атайын өкүлдүн катчылыгынын кызматкерлери энергетика тармагы боюнча акционердик коомдордун директорлор кеңештерине мүчөлүккө шайлана баштайт. Андан тышкары, Жантөрө Сатыбалдиев өткөн ноябрь айында 134 млн. сомдук карыз жыйналгандыгын билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Сабиров энергетика тармагын мамлекеттин карамагына толук өткөрүп, Энергетика министрлигин түзмөйүнчө кризистен чыгуу мүмкүн эмес экендигин парламентте билдирди.

XS
SM
MD
LG