БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин пикири боюнча, Орусиядагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн административдик ресурстар колдонулду жана президент Владимир Путиндин таасири күчтүү болду. Бул тууралуу Эркебаев: «Албетте, шайлоо жалпысынан, саясий багытта туура өттү. Бирок «Бирдиктүү Орусия» административдик ресурсту колдонду. Ошонун айынан коммунисттер дагы, оңчулдар дагы бирдей деңгээлдеги, бирдей даражадагы шартка ээ болушкан жок деп ойлойм»,- деп билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, ушундай административдик ресурстарды колдонууга тоскоол болчу жоболор Кыргызстандын Шайлоо кодексине киргизилип жатат. Ал эми «Атамекен» саясий партиясынын өкүлү, депутат Дүйшөн Чотонов Орусиядагыдай административдик ресурстарды колдонуу көрүнүшү Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо кайталанаарын жана кыргыз бийлиги өзүнө керектүү депутаттарды шайлоосуз эле дайындап коюуга эмитен эле даярданып жаткандыгын билдирди. «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиевдин ою боюнча, Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду. «Өзгөчө шайлоо алдында массалык маалымат каражаттарындагы үгүт иштеринде Кремлге жакын партиялардын үстөмдүгү күч болду. Орусиядагы мындай жосунсуз жорук Кыргызстанда эки эселентип кайталанышы турган иш», – деди ал. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиевдин пикири боюнча, Владимир Жириновскийдин партиясынын 3-орунду алгандыгы күтүүсүз болду. Бирок «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жеңишке жетээри мурда эле белгилүү болгон. «Менин өлкөм» партиясынын лидерлеринин бири Галина Куликованын пикири боюнча, Орусиядагы «Оңчул күчтөрдүн биримдиги» партиясы Анатолий Чубайстын биринчи үчилтикке киришинен улам жеңилди. «Эгерде «ОКБ» менен «Яблоко» партиялары бириккенде, демократиялык күчтөр Мамлекеттик Думага кирип калмак», - деди Галина Куликова.
Орусиядагы парламенттик шайлоо тууралуу кыргызстандык саясатчылар ар кандай пикир айтып жатышат