Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:22

Индонезия АКШнын Ирак саясаты оңунан чыкпай жаткандыгын эскертти


"АКШнын оккупациясы максатына жете албай, ара жолдо калса, Ирак саясатынын таш-талканы чыгат" деп билдирди Индонезиянын тышкы иштер министри Хасан Вирайуда.
Министр Иракта партизандык согуш создуга берээрин боолголоп, ички согуш да чыгып кетиши мүмкүн деди. Индонезиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси ошондой эле Ирактагы абал ислам дүйнөсүн катуу кыжаалат кылып, Бириккен Улуттардын беделин түшүргөнүн белгиледи. Индонезия - дүйнөдөгү эң ири мусулман өлкөсү.

XS
SM
MD
LG