АКШнын Кыргызстандагы элчиси бүгүн келээрки парламенттик жана президенттик шайлоонун эркиндигин жана акыйкаттыгын камсыздоого чакырды. Стивен Яң ошондой эле кыргыз оппозициясы бир жеңден кол, бир жеңден баш чыгарбаса, азыркы бийликтер менен таймаша албайт деп эскертти. Бишкекте сүйлөгөн сөзүндө элчи "2005-жылдагы шайлоонун алдында Кошмо Штаттары Кыргызстанда саясий партияларга финансылык жардам көрсөтөт" деген ырастоону четке какты. Бирок оппозиция бириге албаса, жеңилип калышы мүмкүн деди.