Бийликтердин кабарлашынча, добуштардын дээрлик 60 пайызы Акмар Завгаевге берилди. Завгаев жакында шайланган президент Ахмад Кадыров менен ымалаш жана Кремль колдогон саясатчы катары белгилүү. Завгаевдин эң жакын атаандашы добуштардын 13 пайыздан азын алды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 83 пайыздан ашыгы келгендиги айтылды.
Өткөн түнү Гудермес шаарында куралчан киши шайлоо комиссиясынын мүчөсүн атып өлтүрдү. Анын аралыгында жергиликтүү ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кечээ тоолуу аймактардын биринде төрт орус аскери окко учуп, төртөө жараат алгандыгын маалымдашты.