Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоодо Кремлди жактаган партия алга озуп чыкты


Парламенттин төмөнкү палатасына кечээки шайлоодо салынган добуштардын 90 пайызы саналгандан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы "Бирдиктүү Орусия" партиясы добуштардын дээрлик 37 пайызын чогултуп, ири жеңишке ээ болгонун жарыялады.
Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вишняков мындай деди:
– "Бирдиктүү Орусия" саясий партиясы 37.1 пайыз алды. 12.7 пайыз менен Орусия Федерациясынын Комунисттик партиясы - экинчи орунда. Орусиянын Либералдык Демократиячыл партиясы – 11.6, жана "Ата-Журт" блогу 9.1 пайыз алды.
Путин парламенттик шайлоону Орусиядагы демократияны күч алдыруу багытындагы жылыш деп жогору баалады:
- Шайлоо өнөктүгүндөгү жеке партиялардын иш-аракеттеринин жыйынтыгына карабастан, ошондой эле жакынкы келечекте Мамдума кандай жыйынтыктын негизинде курала тургандыгын эске албаганда да, (бул шайлоо) Орусияда демократияны бекемдөөдөгү дагы бир кадам болуп калды.
Экинчи орунда Коммунисттик партия, үчүнчү орунда Жириновскийдин либерал-демократтары, төртүнчү болуп жаңы түзүлгөн коммунисттер менен улутчулдардын "Ата мекен" партиясы келатат.
Орусиянын негизги либералдык партиялары болгон "Яблоко" жана "Оңчул күчтөрдүн биримдиги" Мамдумага кирүү үчүн зарыл болгон беш пайыздык чекти багындыра алышкан жок.
Алдын-ала санакка ылайык, Юрий Лужков добуштардын 75 пайызын алды. Экинчи болуп келаткан банкир Александр Лебедевди шайлоочулардын 12 гана пайызы колдоду.

XS
SM
MD
LG