Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

БУУнун башкатчысы Ооганстан боюнча эл аралык экинчи конференция өткөрүлүшүн көздөөдө


Бул тууралуу башкатчы Кофи Аннандын кечээ таратылып, БУУнун Башкы ассамблеясына багышталган докладында айтылган. Ооганстан боюнча алгачкы конференция мындан эки жыл мурун Бонн шаарында өтүп, анда өлкөдө иш ашырылуучу саясий реформалар белгиленген эле. Эмки конференция Ооганстандагы реформаларга жаңы дем берүү максатын көздөйт. Конференциянын мөөнөтү азырынча белгилене элек, анын уюштуруу боюнча ооган бийликтери менен сүйлөшүүлөр башталды.

XS
SM
MD
LG