Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

Бириккен Улуттар Уюму дүйнө өлкөлөрүн Ооганстанга жардамдашууга чакырды


Эл аралык коомчулук Ооганстанды кайра курууга жандуу аралашуусу зарыл, болбосо өлкөдө тынчтык болбойт деп айтылат БУУнун башкатчысы Коффи Аннандын Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясында кечээ күнү таратылган жылдык докладында.
Докладда ээ-жаа бербеген кылмыштуулук, ооган жааттары арасындагы салгылашуулар жана маң заттарынын аткезчилиги Ооган бийликтери үчүн өтө олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда деп белгиленет. Аннан эки жыл мурдакы Бонн конференциясы сыяктуу ооган фракцияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тынчтык дагы бир жыйын өткөрүүнү сунуш кылат.
Башкатчынын тынчтык маселеси боюнча орун басары Жин-Мари Гиено мындай конференцияны өткөрүү боюнча Ооган жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө деп билдирди:
- Окуя кандай өнүгөрүнө карап, конференция боло турган иш деп айтсак болот. Бул ооган элинин мыктаждыгынан келип чыкчу табигый иш деп ойлоймун...
Кофи Аннандын докладында өтүп бараткан жылда ооганстандык 820 миң бала мектепке кайра бара баштаганы жана 2,5 миллион адам там-жайына кайтарылганы чоң жылыш катары көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG