Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Ош облусунун губернатору Накен Касиев Барак анклавына барды


ОШ. Губернатор адегенде Барак айылынын тургундарынын ой-пикир, арыз-муңун укту. Аларды бейпайга салган көйгөйдүн бири- мектепти жылытууну айыл өкмөт башчысына катуу дайындап, аны 20-декабрга чейин аткарууга мөөнөт койду. Барактыктар үчүн жер айдай турган МТЗ-80 үлгүсүндөгү бир тракторду конкурстан сырткары кредитке бердирүүгө убада кылды. Ал эми Өзбекстандын чек арачыларынын Барактыктардын унааларын эртең мененки саат сегизден кечки саат сегизге чейин гана өткөрүп, калган убакытта өткөрбөй жаткандыгы, дыйкандардын өткөн жылдан калган 110 тонна пахтасын Кыргызстанга чыгарбай жаткандыгы тууралуу Өзбекстандын бийлигине билдирүү жазып, маселени чечүүгө аракет кылмак болду.

XS
SM
MD
LG