ЖАЛАЛАБАД. Облустагы "Каниет" аттуу кризистик борбордо өткөн талкууда аялдар бирикмесинин төрайымы Жанна Саралаева аялдардын өтө сабырдуулугунан улам укугу басмырланып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, тартип коргоо органдары кыз-келиндердин укугунун бузулушуна көз жумду мамиле кылат. 2000-жылдан бери "Сорос -Кыргызстан" жана АКШнын "Глобал" фондусунун каржылоосу менен иштеп жаткан кризистик борбордо 30 аял убактылуу баш калкалаган. Талкууда үй-жайсыз, жер үлүшүн албай калган эки аял балдарын сатууга аракеттенгени кабарланды. Мындай абалды жоюу үчүн район, шаарлардагы аялдар кеңешинин алдында кризистик борборлорду ачуу жана аялдар арасында өз укугун коргоого багытталган семинар-тренингдерди, жаштар арасында ынтымактуу үй-бүлөнү куруу үчүн атайын окууларды уюштуруу зарылдыгы белгиленди.