Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Бензиндин баасы турукташты


БИШКЕК. Кыргызстандын мунайтрейдерлер ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, 9-декабрга карата жумуруяттын мунай базарындагы баа төмөндөп, октябрь айындагы деңгээлге түштү. Учурда Бишкектин күйүүчү май куйуучу жайларында А-93 маркасындагы бензин 16 сом 50 тыйын, А-80 14 сом 20 тыйындан сатылууда. Ноябрь айында бензиндин баасы 7-8 сомго кымбаттап кеткен эле. Бирок, жумуруяттын түштүгүндө бензин дагы эле тартыш жана кымбат. Маселен, түштүк райондордо А-80 маркасындагы бензиндин бир литри 17-18 сомдон сатылууда.

XS
SM
MD
LG