БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Достук» мейманканасында «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын «Күтүү менен жоготуулардын жылдары» аттуу китебинин бет ачар аземи болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчылар жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Замира Сыдыкова китебинде өлкөдөгү акыркы жылдардагы саясий окуяларга, анын ичинде Феликс Куловдун камалышына, Аксы окуясына жана «Кумтөр» алтын кенин иштетүү долбоорун иликтеген парламенттик комиссиянын 1993-жылдагы материалдарына орун берген.