Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:57

Европа Биримдигинин апта соңундагы саммити натыйжасыз аякташы мүмкүн


Жума жана ишемби күндөрү Брюсселде өтүүчү саммитте Европа Биримдигинин Конституциясынын соңку долбоорун талкуулап, жактыруу белгиленген. Бирок Испаниянын премьер- министри Хосе Мария Азнардын айтымында, учурда мунаса табуу мүмкүн болбой жаткандыктан, саммит натыйжасыз аякташы мүмкүн. Испания Европа Биримдигине келерки жылы кирүүчү Польша менен катар Конституция долбоорунда уюмдун министрлер кеңешинде добуш берүү тартибин караган жоболору өзгөртүлүшүн талап кылууда. Алар Европа Биримдигинин ичинде чечим кабыл алууда чакан өлкөлөрдүн ролу жогорураак болушу керек деп эсептейт. Конституция долбооруна байланышкан маселе немец канцлери Герхард Шрөдөр менен фрнцуз президенти Жак Ширактын кечээги жолугушуусунда талкууланып, алар документти азыркы калыбында кабыл алуу зарылдыгын белгилешти. Конституция Европа Биримдиги кеңейип жаткандыктан, анын институттарын реформалоо максатында иштелип чыкан.

XS
SM
MD
LG