ТЕГЕРАН. Ирандын өкмөтү кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо боюнча кошумча протоколго кол койо турганын билдирди. 18 жыл бою жашыруун атомдук иликтөөлөрдү жүргүзүп келаткан Иран кескин сынга алынып, Улуттар Уюмунун санкцияларына дуушар болуу коркунучуна тушуккан соң, Атомдук Куралдарды Жайылтпоо боюнча Кошумча протоколго кол койгонго макул болгон. Бүгүн өлкөнүн өкмөт өкүлү Абдулла Рамазанзадех Иран протоколго парламенттин расмий макулдугусуз эле кол койгонго даяр экенин кайталады. Атомдук иликтөөлөрдү тынчтык максата гана жүргүзүп келатканына ишендирип келген Иран өткөн октябрда өзүнүн объекттерин текшерткенге макул болгон.