КИЕВ. Украин тышкы иштер министри Багдадга визит менен жөнөп кетти. Константин Грищенко Ирактын башкаруу кеңеши менен жолугушуп, Украинанын Ирактагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн кайра ачуу маселесин талкуулап, Ирактагы украин солдаттары менен жолугушат. Иракта Украинанын 1650 солдаты бейпилдик миссиясын аткарып жатышат. Иракка келген аралыкта алардын үчөө курман болду, бирок баары өз ажалы менен көз жумган.