Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Россия, Германия жана Франция АКШнын Иракты калыбына келтирүү боюнча чечимине нааразы


ПАРИЖ. Франция, Германия жана Россия Иракты калыбына келтирүү ишине согушка каршы чыккан өлкөлөрдүн фирмаларын катыштырбоо жөнүндө АКШ кабыл алган чечимге нааразы болушту. Франциянын тышкы иштер министрлиги мындай чечимдин мыйзамдуулугун Еврошаркеттеги шериктери менен бирге териштире турганын билдирет. Германиянын тышкы иштер мекемеси бул чечимди "туура эмес" деп сыпаттады, ал эми Россиянын тышкы иштер министри Иракты калыбына келтирүү - дүйнө коомчулугунун жалпы иши экенин жана ага каалагандардын баары катышууга укуктуу экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG